Али Токтакунов парламенттеги Матраимовчулардын бетин ачтыбы?

Автор

“2020-жылы Раимбек Матраимов өзүнүн партиясын парламентке алып келүүгө аракет кылган. Бирок, эл алардын аракетин четке каккандан кийин ал мафия башкача жол менен кетип, кээ бир адамдарын бир мандаттуу округдардан же, башка партиялар аркылуу алып келишкен. Кыргыз парламентинде анын адамдары боо-боо болуп, аттын кашкасындай болуп эле отурушат. Маселен, Искендер Матраимовдон баштасак болот. Алишер Козуев, Надира Нарматова жана Матраимовду айга-күнгө теңеп жүргөн Мейкинбек Абдалиев”,- деп билдирди изилдөөчү депутат Али Токтакунов Азаттык радиосуна берген маегинде.
“Коррупционер экендигин моюндап, бири 8 млн бири 12 млн сом мамбюджетке кусуп, бешенесине “бул коррупционер” деген штамп урулуп калса да, буйтама жолдор менен депутат болуп келген жак жөкөрлөрү бар. Алар Абдувахаб Боронбаев менен Нурлан Ражабалиев. Булар мыйзамдын алкагында жооп бериши керек. Анткени, моралдык жана саясий жоопкерчилик бар”,- деген ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Ири ишкер оор жаракат менен ооруканага жатты

Бизнесмен Марк Цукерберг ооруканага жатып, операция жасалды.  Миллиардер ММА боюнча машыгуу учурунда катуу жаракат алган.  Окуя тууралуу Цукерберг өзү Фейсбук баракчасында айтып берди.  Ал бутуна операция жасалгандан кийин оорукананын бөлмөсүнөн түшкөн сүрөтүн жарыялаган.  Сүрөттө анын сол буту кыймылдабай, таңылганын көрүүгө болот. Ал айыккандан кийин машыгууну улантуу ниетин да кошумчалады.  Фейсбук […]

Сизге жагышы мүмкүн