“Акшумкарлар” Ооганстан курамасы менен беттешет

Автор

Эртең, 10-июнда Бишкекте футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 мелдеши башталат. Мелдештин алкагында Кыргызстандын футбол курамасы Иран жана Ооганстандын командалары менен беттеш өткөрөт.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтө турган болгон.

Эртең мелдештин биринчи күнүндө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до Кыргызстандын курамасы Ооганстандын курамасы менен ойнойт.

 

«В» тайпасындагы беттештердин жүгүртмөсү:

 

10-июнь: Кыргызстан – Ооганстан

13-июнь: Иран – Ооганстан

16-июнь: Кыргызстан – Иран

Беттештер бир айлампада өткөрүлөт. Анда тайпалардын жеңүүчүлөрү Ташкент шаарында финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең Бишкекте массалык ишембилик өтөт

Эртең, 10-июнда борбор калаада массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, көчөлөр, сейил бактар, аянттар тазаланат. «Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Акимияттар тарабынан чарбалык субъекттерге ишембиликке катышуу тууралуу билдирүүлөр таратылды»,-деп жазылат маалыматта. Мэрия шаар тургундарын ишембиликке чыгууга чакырды. […]

Сизге жагышы мүмкүн