“Айыл чарбасын каржылоого 3,26 млрд сом насыя берилди

Автор

Бүгүнкү күнгө карата “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору боюнча 3 млрд 266,6 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 3,3 млрд сомду түзөт.

“2023-жылдын 14-сентябрына карата долбоордун алкагында республиканын 7 274 айылдык товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 266,6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Интеллигенциянын маеги талкуу жаратты

УКМК төрагасынын Тажикстанга берген эскертүүсү дүйнөлүк коомчулуктун талкуусуна айланды. Камчыбек Ташиев Кыргыз тараптын Тажикстанга доо коюшу мүмкүн экендигин ачык айтып чыккандан кийин кыргыздын интеллигенциясы аны колдоп, кубаттап маек бере баштады. Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен профессор Жолборс Жоробеков УКМК төрагасынын айтканында калет жок деп маек бергени коомчулукту даярдоо катары […]

Сизге жагышы мүмкүн