Ленин округу боюнча шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны жетиге жетти

Автор

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 7ге жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКга 28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Абдылдаев Азат Шералиевичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Буга чейин алты талапкер Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Франциянын президенти Кытайга келди

Франциянын лидери Кытайда үч күн болот. Бул сапарга Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйенди чакырды, бирок анын катышуусу Макрон жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен үч тараптуу жолугушуу менен чектелет. Франциянын президенти Си менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кечки тамакта болот. Макрон Кытайдын премьер-министри Ли Цян жана парламенттин спикери Чжао Лежи менен […]

Сизге жагышы мүмкүн