Айбек Осмонов, ЖК депутаты: “Балдардын эс алуучу жайларын сатып жиберишкен”

Автор

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов  сатылып, тонолуп атканага айланган балдардын эс алуучу жайларына токтолду. Эл өкүлү “Профсоюздарды текшерүү боюнча депутаттык комиссия Ысык-Көлгө барсак облустун прокурору да, анын орун басары да келбей койду. Райондун прокурору келип, 5 районго өзүм жооп берем дейт. Ошол кантип болсун? Жаш жеткинчектер эс ала турган жерлер сатылып кеткен, аны өз көзүбүз менен көрдүк, керек болсо, мамлекетке акчасы да түшкөн эмес”,- деп билдирди.

“Балдар эс алууга чыкканда Ташкентке, Астанага, Алматага эс алалы деп калышты. Эмне үчүн Арсланбапка, Сары-Челекке, Ысык-Көлгө, Жалал – Абадка баралы дебей калышты, билесиздерби? Анткени,   балдардын эс алуучу жайларын биздин профсоюздар сатып, жеке менчикке өткөзүп жиберишкен. Жеке менчикке берсе да, иштете тургандарына бербейби? Аткана болуп калган. Тийешелүү министрликтерди чакырып, муну сурайлы”,- деп сунуш киргизди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Александр Лукашенко оорусу тууралуу айтты

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко оорусу тууралуу маалыматка комментарий берди. «Эгерде кимдир бирөө мени өлөт деп ойлосо, тынчтаныңыздар”,-деди Лукашенко өлкөнүн саламаттыкты сактоонун актуалдуу маселелери боюнча жыйында. Ал Москва, Гродно, Гомель шаарларына сапарлары пландалгандыктан дарыланууга мүмкүнчүлүгү болбогонун тактады. Буга байланыштуу Александр Лукашенко «Мен өлбөйм, балдар. Дагы көпкө чейин мени менен болосунар»,-деди Беларуссиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн