Азия оюндары: Кыргызстан бокс боюнча беттешти  жеңиш менен баштады

Автор

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча мелдеште кыргызстандык мушкер Аскат Култаев 1/8 финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бокс боюнча мелдеш 24-сентябрь күнү башталып, 63 кг салмакта беттешке чыккан Аскат Култаев 1/16 финалда Сауд Арабиянын мушкери менен кез келген. Беттештин экинчи айлампасында ал атаандашын нокаут менен жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Прокуратура казино ойногон кызматкери боюнча түшүндүрмө бере элек

700 миң доллар менен казино ойногон Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдрасуловду аскердик прокуратура кылтакка илип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок, бул боюнча аталган кызматтын жетекчилиги коомчулукка үн ката элек. Ал эми коомчулук түшүндүрмө талап кылууда. Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана башкы көзөмөл органдын ишине кандай баа берилээри азырынча […]

Сизге жагышы мүмкүн