Азия Кубогунда Иордания финалга чыкты

Автор

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун биринчи жарым финалдык беттешинде Иордания курама командасы Түштүк Кореянын курамасын 2:0 эсебинде жеңип, өз тарыхында биринчи жолу Азия Кубогунун финалына чыкты.
Беттештин биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, экинчи бөлүгүндө Ирдания командасынын оюнчулары Язан Аль-Наймат (53-мүнөттө) жана Муса Аль-Тамари (66-мүнөттө) гол киргизди.
Иордания өз тарыхында бешинчи ирет Азия Кубогуна катышууда. Алар эки жолу (2004-2011-жылдары) чейрек финалга чыкса, бул ирет мелдештин финалына жетти.
Бүгүн, 7-февралда Иран менен Катардын оюнчулары финалга чыгуу үчүн ойнойт. Финалдык беттеш 10-февралда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашкабак уруктарынын пайдалары

Ашкабактын уруктары ден соолук үчүн пайдалуу азык болуп саналат. Ал витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга бай. Уруктун курамында күчтүү антиоксидант жана клеткаларды бузулуудан коргоого жардам берген Е витамини көп. Алардын курамында В тобундагы витаминдер, темир, магний, цинк жана башка пайдалуу минералдар бар. Ашкабак уруктарынын башка пайдалуу касиеттеринин арасында жүрөк-кан тамыр системасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн