Адамдын саламаттыгы туулган айына байланыштуу

Автор

Окмуштуулар май айында төрөлгөндөр эң аз, ал эми октябрь айындагылар тескеринче көп ооруй тургандыгын аныкташкан.
Колумбия университетинин окмуштуулары адамдын туулган айы менен анын кандайдыр бир оорусунун байланышы бар экендигин аныктап чыгышты. Бул изилдөөгө 1,7 миллион кардардын маалыматтарынын анализдери алынган. Бул бейтаптар Нью-Йорк ооруканасында 1985-2013-жылдар арасында дарыланып чыгышкан. Окумуштуулар 1688 бейтаптын туулган күндөрү менен оору тарыхтарын салыштырып чыгышкан. Анын жыйынтыгында 55 бейтаптын оорусу менен туулган күндөрүнүн байланышы болгон.
Тагыраак айтканда астма оорусунун тоболкелчилиги июль жана октябрь айында төрөлгөн адамдардыкы жогорку болот. Эгерде көңүл буруу танкыстык синдрому жана гиперактивтүүлүк боюнча ноябрь айындагылар болууда. Ал эми март айында төрөлгөндөр болсо талма жана калтырак басуу ,жүрөктүн кысталышы сыяктуу ооруларына көп учурайт. Окмуштуулар май айында төрөлгөндөр эң аз ооруй тургандыгын, ал эми октябрь айындагылар тескеринче көп ооруй тургандыгын аныкташкан.
Окумуштуулар эң башкысы бул изилдөөлөр эч кимди коркутпастыгын жана кээ бир окшоштуктар болгондугун,оорулардын жалпы көлөмү төмөн экендигин белгилешкен. Алардын айтуусу боюнча туулган айлары боюнча тобокелчиликтер салыштырмалуу түрдө жогору эмес. Ал кээ бир факторлорго байланыштуу болот. Алар тамактануу түрү жана физикалык активтүүлүгү жагынан өзгөрүп турат.

Бөлүшүү:
Next Post

5-мартка карата аба ырайы

5-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4/9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз + 3 … +8, Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +4 … +9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз + 1… + 6, […]

Сизге жагышы мүмкүн