“Абдыш-Ата” клубу футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Автор

Канттык “Абдыш-Ата” клубу мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Бул сезондо команда жалпысынан 54 упай топтоп чемпиондук титулун коргоп калды. Алардын запаста дагы бир матчы бар болчу, бирок анын жыйынтыгына карабастан клуб  мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Өткөн жылы канттык жамаат алгачкы ирет өлкө чемпиону титулуна ээ болгон.

Экинчи жана үчүнчү орундарда Бишкектин “Дордою” менен Оштун “Алайы” турат

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрь — маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын маалымтаты боюнча  КР Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында майрамга карата  гала концерт өтмөкчү Майрамдык иш-чарага маданият жана искусство ишмерлери катышып, анда айрым өнөр адамдарына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин […]

Сизге жагышы мүмкүн