Аба ырайы кескин сууктайт. Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Автор

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына караганда, устүбүздөгү жылдын 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

ӨКМ айдоочуларга алыскы жолго чыгаарда унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоо керектигин эскертет.

Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, кырсык катталган учурда 112 кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы аэропорттун курулушуна жер берилди

Багыш айыл өкмөтүнүн Сафаровка айылынан Жалал-Абаддагы заманбап аэропорттун курулушуна 300 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди. Айыл чарба министрлигинин балансында турган бул жерди өнөр жайына трансформация кылуу үчүн документтер топтолуп, корутундулар даярдалып, министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн облустун башчысы билдирди. Белгилүү болгондой, болжолдонгон жер тилкесин Манас Эл аралык аэропортуна өткөзүп берүү боюнча токтом […]

Сизге жагышы мүмкүн