Өрт космостон көрсөтүлдү

Автор

«Казакстан Гарыш Сапары» Улуттук компаниясы Казакстандын Абай облусундагы табигый өрттүн космостогу сүрөттөрүн тартуулады.
Улуттук компаниянын маалыматы боюнча, өрт 8-июнь күнү саат 11:23тө «Семей Орманы» коругунун Батпаев токой чарбасынын аймагында башталган. Аянты 34 миң гектарды түзөт.
Бородулиха районунун Барышевка, Успенка жана Поднебесное айылдары өрт аймагына түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүдө Успен токой чарбасынын 14 жумушчусу каза болгон. Казакстандын президенти көз жумгандарды «Курмет» ордени менен сыйлады.

Бөлүшүү:
Next Post

Зидан кайрадан ПСЖны жетектөөдөн баш тартты

Француз машыктыруучусу Зинедин Зидан “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубун жетектөөдөн кайрадан баш тартты. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматка ылайык, борбордук клуб Зиданга башкы машыктыруучу катары Кристоф Галтиерди алмаштырууну сунуштаган, бирок 50 жаштагы адис бул вариантты четке каккан. Атактуу машыктыруучу  өзүнүн келечеги тууралуу суроого жооп берип жатып, учурда эч кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн