Казакстандын Абай облусундагы өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө “Казакстан Халкына” фондунун каражаттарынан 7 миллион теңге (15,6 миң доллар), ошондой эле ар бир жашы жете элек бала үчүн 2 миллион тенге (4,4 миң доллар) төлөнөт.
Буга катар эле каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү колдоо көрсөтүү үчүн өзүнчө фонд түзүлдү.
Казакстандын 40тан ашык университеттери өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн студенттерине гранттарды жана жатаканадан орун берүүгө даяр.
Казакстандын чыгышындагы Абай аймагында табигый өрт 8-июнда башталган. Өрттү өчүрүүгө 1530 адам, 320 техника, 14 тик учак тартылууда. Өрттүн кесепетинен 14 токойчу кызмат учурунда көз жумган.
Адахан Мадумаров кол койгон протокол ратификация болгон эмес
Шей Июн 13 , 2023
Өмүрбек Текебаев депутат Адахан Мадумаров боюнча козголгон кылмыш иштин чоо – жайын айтып берди. Ал мындай деген: “Адахан Мадумаров Коопсуздук Кеңешинин катчысы катары протоколго кол койгон. Бул ниет деп аталат. Ошонун негизинде өкмөт текстерин даярдайт. Ага тийешелүү өкмөт мүчөлөрү кол коёт. Ошондой келишимге 2009-жылдын декабрь айында Тажик менен Кыргыз өкмөттөрү […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/madumarov-825x452-1-1.jpg)