reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2363 % % 0.1
EURO 28,8450 % % -0.02
GRAM ALTIN 1.674,70 % % -0,10
ÇEYREK A. 2.738,13 % % -0,10
BITCOIN 720.001 % 0.573
Соңку кабар
reklam
Google News

ӨКМ: Бийик тоолуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Son Güncelleme :

24 марта 2023 - 14:15

reklam
ӨКМ: Бийик тоолуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар
reklam

Күндүн жылышына байланыштуу ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 24-мартынан 27-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чак. (Сөөк ашуусу), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

reklam