ӨКМ кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактарды атады

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-март күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түштүү коркунучу жогору болууда.
ӨКМ буга байланыштуу кооптуу делген аймактардын тизмесин таратты:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
Суусамыр — Талас —Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымында;
Бишкек —Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;
Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси;
Суусамыр — Арал унаа жолунун 8-21-чакырымдары;
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон —Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагыСөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен облусуна бюджеттен 108,5 млн сом каржыланды

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 56,4 млн сом; айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30,0 млн сом; электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17,9 млн сом; Мындан тышкары, […]

Сизге жагышы мүмкүн