reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 23,3638 % % 0.45
EURO 25,3850 % % 1.62
GRAM ALTIN 1.472,85 % % 1,51
ÇEYREK A. 2.408,10 % % 1,51
BITCOIN 622.344 % 0.323
Соңку кабар
reklam
Google News

Өзөктүк курал кайда жайгашаары айтылды

Son Güncelleme :

03 апреля 2023 - 10:52

reklam
Өзөктүк курал кайда жайгашаары айтылды
reklam

Беларуссиядагы өзөктүк курал мамлекеттин батыш чек араларына жылдырыларын Россиянын республикадагы элчиси Борис Грызлов билдирди. Ал тактикалык өзөктүк куралдарды сактоочу жай 1-июлга чейин даярдалаарын кошумчалады.
«Бул биздин коопсуздугубузду камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет»,-деген элчи иштер Европа жана АКШдагы сөздөргө карабастан ишке ашарын баса белгиледи.
Италияда, Бельгияда, Голландияда, Германияда жана Турцияда америкалык ядролук куралдын жайгаштырылышын эске салган Борис Грызлов «Россия менен Беларусия Биримдиктин аймагы болуп саналат жана АКШ өзөктүк куралын жайгаштырган өлкөлөрдүн аймагынан айырмаланып, мыйзамдаштырылган»,-деди.
25-мартта президент Владимир Путин Россия Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырарын билдирген.

reklam