reklam
reklam
hava 28° Orta
DOLAR 27,1709 % % 0.17
EURO 28,9695 % % 0.21
GRAM ALTIN 1.683,02 % % 0,51
ÇEYREK A. 2.751,74 % % 0,51
BITCOIN 726.813 % 0.389
Соңку кабар
reklam
Google News

Өзбекстанда  кыргыз спортчулары 6 алтын, 1 коло утушту

Son Güncelleme :

24 мая 2023 - 9:17

reklam
Өзбекстанда  кыргыз спортчулары 6 алтын, 1 коло утушту
reklam

Өзбекстандын  Жизак шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстан жалпы 6 алтын жана 1 коло, жалпы 7 медаль жеңди.

Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында 60 кг салмакта Роман Сапаров, 70 кг салмакта Марлен Абдурасулов, 80 кг салмак категориясында Элдияр Сексенбаев жана 90 кг салмакта Нурсултан Бочонов 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондору аталышты.

 

reklam