Эрдогандын эл алдында сүйлөөсүнө тыюу салынды

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-апрелге белгиленген төрт түрк телеканалына берилчү маекти токтотту.
Ал бир күн мурда жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде өзүн жаман сезген.
Өлкөдө 14-майда өтө турган шайлоонун алдында дарыгерлер ага эл алдында сүйлөөгө тыюу салышты.
Маалымат каражаттары түрк президентинин жүрөгү кармап, оор абалда ооруканага жаткырылганын да жазып чыгышкан.
Анткен менен Түркиянын президентинин алдындагы Коопсуздук жана тышкы саясат кеңешинин мүчөсү Чагры Эрхан бул ушактарды четке кагып, Эрдогандын ачык асман алдында активдүү үгүт иштеринен улам ашказаны ооруп калганын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Сөздүн кулагы бар

Оозуңдан кандай сөз чыкса, ал сага кайрылып келет. Муну тартылуу закону дейт. Мисалы, эгер сен “мен баары бир машине ала албайм”,- десең, чындап  ала албайсың. Же, “мени ким ишке алат эле”,-десең, иштей албайсың. Андыктан, сен сүйлөп баштаганыңда өзгөрүү өз жолуна түшкөн болот. Дайыма абайлап сүйлө! Сөздөрдүн кулагы бар… Манас Осмон […]

Сизге жагышы мүмкүн