Энергетика тармагына 74,9 млрд сом жумшалат

Wp Pw

2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом каралган.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн онлайн режиминде көрүүгө болот жана жакынкы келечекте энергияны керектөөнүн көлөмүн онлайн режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот.

“Жакынкы жылдары 7 миң МВт кубаттуулуктагы ири долбоорлор ишке ашырылат: Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтеринде электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйтүлөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз ГЭСтер каскады курулат. Куланак ГЭСи жана 30дан ашык чакан ГЭСтер ишке берилет. Биз Дүйнөлүк банк менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин активдештирүү боюнча келишимге кол койдук. Мындан тышкары, шамал жана күн электр станциялары курулат”, – деди Акылбек Жапаров.

Next Post

Лионель Мессинин жубайы 8 миллион акчасын уурдатты

Аргентинанын Росарио шаарында белгилүү футболчу Лионель Мессинин жубайы Антонелла Рокуццого таандык супермаркеттин унаасы тонолгон. Кылмышкерлер Рокуццонун эжеси айдаган унаадан 8 миллион песо уурдап кетишкен. Кылмыш 22-ноябрь күнү эртең менен Антонелла Рокуццонун  агасы Агустина менен дүкөндүн дагы эки кызматкери банкка накталай акча ташып баратканда болгон. Ак түстөгү унаадан эки белгисиз адам […]