Эмне үчүн көбүрөөк окуу керек?

Автор

Эмне үчүн көбүрөөк окуу керек?

Албетте, көңүл ачуу үчүн. Кызыктуу каармандар жана кызыктуу сюжет, ошол замат китепке кирип, башка дүйнөгө аралоо болуп саналат.

Бирок мындан башка дагы көптөгөн себептер бар:

Билим. Кандайдыр бир тармакты башкаларга караганда көбүрөөк түшүнө билүү үчүн бул багытка арналган 10-20 китепти окуу жетиштүү. Ал эми бир тармакта адис болуу үчүн 200 же андан көп китеп окуу керек.

Өнүгүү. Китеп окуу сыналгы көрүү же башка бош убакытты өткөрүүдөн айырмаланып, акыл  күч-аракетти талап кылат жана мээни иштетүүгө жол ачат.

Өзүн-өзү өркүндөтүү. Китептер жашооңузду жакшыртууга жардам бере турган кеңештерге, шыктандыруучу идеяларга жана акылман ойлорго толтурат.

Маалымдуулукту камсыздайт. Дүйнөдө эмне болуп жатат? Бул дүйнө кантип пайда болгон? Кимдер кайда жашайт? Эмне үчүн биз ушундай болуп калдык? Китептер бардык сиз кызыккан суроолоруңузга жооп бере алат. Бул телевидение сиз көрүп отурган атактуулардын чатагынан алда канча маанилүү.

 Билим – бул күчтүүлүк. Билбеген нерсени өзгөртө албайсың, билимсиз бирөөнү ынандыра албайсың, билимсиз акыл айта албайсың. Билимсиздик алкакка салып, адамды чектейт.

Эрудиция. Адабияттагы классикалык чыгармаларын окуу  менен маектешиңдин, мисалы, Гамлетке же Онегинге кайрылганда эмнени билдирерин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Улуу жазуучулардан  өзүңүз цитата келтирсеңиз болот.

Сабаттуулук. Окуганда сөз айкаштарынын сүйлөмдө кандай курулганын билип жана жаңы сөздөрдү үйрөнүп, баарлашуудагы ар кандай бурулуштарды байкап, сүйлөө так жана сабаттуу болуп калат.

Кыялдануу. Балким, сен окуганыңды акыл-эсиңде элестетип жатасың. Бул сиздин фантазия, ой-туюмуңуз үчүн сонун көнүгүү болуп саналат. Жашоого көз караш. Кээде адаттагы тааныш нерселерди башка жагынан кароого үйрөтөт. Бул үчүн сизге китептер жардам берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Биринчи жардам: Кулак ооруганда эмне кылуу керек?

Эмне үчүн кулак ооруйт? Отит. Иммунитет түшүп кеткенден улам сезгенүү (воспаление) процесси башталат. Симптомдору: кулак ооруйт, мурун агат, температура көтөрүлөт. Периохондрит. Грипп жана пневмония жакшы дарыланбай өтүшүп кеткен учурда пайда болот. Симптомдору: кулак шишигенсийт, ириң агат. Лимфаденит. Кулактагы лимфотүйүндөрдүн сезгениши. Симптомдору: температура аябай көтөрүлүп, баш ооруйт. Баланын кулагынын ооруп жатканын […]

Сизге жагышы мүмкүн