Биринчи жардам: Кулак ооруганда эмне кылуу керек?

Автор

Эмне үчүн кулак ооруйт?

Отит. Иммунитет түшүп кеткенден улам сезгенүү (воспаление) процесси башталат. Симптомдору: кулак ооруйт, мурун агат, температура көтөрүлөт.

Периохондрит. Грипп жана пневмония жакшы дарыланбай өтүшүп кеткен учурда пайда болот. Симптомдору: кулак шишигенсийт, ириң агат.

Лимфаденит. Кулактагы лимфотүйүндөрдүн сезгениши. Симптомдору: температура аябай көтөрүлүп, баш ооруйт.

Баланын кулагынын ооруп жатканын кантип билсе болот?

1-2 жаштагы балдар тили чыга элек болгон күндө да кулагынын ооруганын түшүндүрүп бере алышат. Чыдатпай ооругандыктан чыргоолонуп, алы кетип, колу менен кулагын көрсөтүп ыйлайт.

Эмчектеги бала себепсиз чыңырып ыйлап, тынчы кетет. Эмизип жаткан учурда башын тартып, ачка болсо деле эме албай кыйналат.

Кулагынын тешигин тосуп турган кичинекей кемирчекти акырын басып көрүңүз, бала кол тийгизбей чыңырып ыйласа, демек, кулагынын ооруп жатканы анык.

Кандай чараларды көрүү зарыл?

Кулак оору көпчүлүк оорудай эле кечкисин жана түнкүсүн башталат. Эртең мененкиге чейин ооруну басып туруу үчүн алгач кулактын ичин фонариктин жардамы менен жакшылап карап чыккыла.

Эгер ичи таза, эч кандай ириң же нымдашып турганын байкабасаңар анда, кебезден түтүкчө жасап, “борный спиртке” малып, кулактын ичине салып койгула. Бет арчы же жалаякты үтүк менен жылытып, кулакты бассаңар болот. Бирок, жылуулукту кулактын үстүн жаап эмес, тегерете басуу керек. Ошондой эле, ооруну басуучу (обезболивающий) дары ичсеңер болот. Кичинекей балдарга Ибуфен, балдар үчүн (детский) парацетамол берүү керек.

Ал эми кулактын ичи жылтырап, нымдашып турса, анда жылуулук баскан такыр болбойт! Жылуулук, ириңди көбөйтүп, кулактын оорусун күчөтөт. Мындай учурда ооруну басуучу дарылардан ичип, эртеси дароо ЛОРго көрүнүү зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

3 млн кайтарымсыз каражатка оппозиция каршы

Швейцария Кыргызстанга кайтарымсыз 3 млн доллар каражат берет. Эгер Жогорку Кеңеш жактырса, бул каражат энергетика тармагын өнүктүрүүгө жумшалат. Акылдуу эсептегичтерди орнотуп, эскилерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, оппозициялык депутаттар бул каражаттын алынышына каршы. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн