Эми жер саткычтар боюнча күрөш жүрөбү?

Автор

Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сурап, адилеттүүлүк издегендер көбөйдү. Азыр коомчулукта “мурункулар мамлекетти тоноп, сазга белинен батырышкан турбайбы”,- деген пикирлер күч алууда.
Чынында, УКМК кайсы тармакка кол сунса, жегичтерге ырастап жатат. Эми жер саткыч жетекчилерге кезек келгени, үлкөн шаарлардын мурдагы жетекчилери кылтакка илинээри, учурда айыл өкмөттөр боюнча иш жүрүп жатканы айтылууда. Жер саткычтар боюнча комплекстүү териштирүү жүргүзүлсө, мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын райондук жетекчилери да жоопко тартылышы мүмкүн дешүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Азия чемпионатында кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат

“Бишкек-Арена” шаардык муз аянтчасында чоңдор арасында күрөш боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты уланууда. Бүгүн, 12-апрелде эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 медаль топтому ойнотулуп, кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат. Алар: – Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг); – Канат Керимбеков (74 кг); – Атай Изабеков (86 кг) […]

Сизге жагышы мүмкүн