Жогорку Кеңеш «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» айланасындагы айрым маселелерди бүгүн, 4-майда карамай болду. Парламенттин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев аталган фонддун жетекчилерине кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал Жогорку Кеңеш карап, макулдук берген акча каражаттын баш-аягы жок экенин, былтыр Катар мамлекети менен түзүлгөн келишимдин негизинде арап туристтер көп келип, бюджетке каражат түшкөнүн айтты. “Быйыл туризм фондунун жетекчилеринин шалаакылыгынан келишимдер түзүлбөй калды”,-деди депутат.
Ирандын президенти Дамаскка келди
Бей Май 4 , 2023
Ирандын президенти Ибрагим Раиси расмий сапар менен Дамаскка келди. Иран лидери Сириянын президенти Башар Асад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бул Иран лидеринин Сирияга акыркы 13 жылдагы алгачкы сапары. Мамлекет башчылары сириялык-ирандык мамилелердин саясий жана экономикалык аспектилерин талкуулоого, маанилүү келишимдерге кол коюуга ниеттенүүдө. Дамаскка президент менен бирге коргоо, байланыш жана маалымат […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/H1BdLUHI5_0_186_1975_1111_0_large.jpg)