Электрондук тамекиге тыюу салынды

Автор

Түркмөнстанда акыркы убакта бир жолу колдонулуучу электрондук тамекилерди, көп жолу колдонулуучу вейп-аппараттарды, аларга тетиктерди, ошондой эле толтуруучу суюктуктарды сатып алуу мүмкүн болбой калды.
Башка өлкөлөрдөй эле, электрондук тамеки балдар арасында абдан популярдуу болуп калды. Кадимки тамекилерге караганда алардын жытын ата-эне сезе албайт. Кээде балдардагы аппараттарды көргөндө эмне экенин түшүнүшпөйт.
Электрондук тамекилер дем алуу системасына жумшак, бирок никотинди камтыган башка продукциялар сыяктуу эле никотинге көз карандылыкты жаратат.
Түркмөнстанда бийлик тамекиден толук эркин өлкө статусуна жетишүүнү максат кылып койгон. 2020-жылы тамекилерди аялдарга сатуудан баш тартканы тууралуу маалыматтар чыккан. 2022-жылдын аягында мыйзамга расмий түрдө өзгөртүүлөр киргизилип, тамеки сатып алуунун минималдуу жашы 18ден 21ге көтөрүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыйзамсыз акча алмаштыргандар айыпка жыгылды

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Кыргызстандын С.С.А., Ж.Т.Ж. аттуу жарандарына 17 500 сомдон айып салынды.     Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн