Экс-премьер-министрди жактагандарга каршы армия киргизилди

Автор

Пакистандын борбору Исламабадда мурдагы премьер-министр Имран Хан камакка алынгандан кийин нааразылык акциялары башталды. Жергиликтүү полиция шаарга армияны киргизүүгө аргасыз болду. Полиция провокацияларды токтотууга, аялдар менен балдарды сыртка чыкпоого чакырды.
Мурдагы премьер-министрдин 1500дөн ашуун тарапкери камакка алынды. Коррупция боюнча сот отурумунда Имран Хан күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал өзүнө каршы козголгон иштердин баары саясий куугунтук экенин бир нече жолу билдирген. Өкүм аны парламентке талапкер болуу же кайрадан премьер-министр болуу укугунан ажыратаарын белгиленген.
Пакистандыктар арасында популярдуу Имран Хан 2022-жылдын апрель айында кызматынан айрылган. Экс-премьер-министри бир нече кылмыш иштерине тиешеси бар экени айтылууда.
Толук аты Имран Ахмад Хан Ниязи 1952-жылы 5-октябрда Пакистандын Лахор шаарында туулган. Ал 2018-жылдан 2022-жылга чейин Пакистандын премьер-министри болуп иштеген. 1992-жылы Пакистандын улуттук командасын крикет боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткирип, улуттук баатырга айланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Билим берүү министринин орун басары кызматтан кетти

Надира Жусупбекова Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Эскерте кетсек, Жусупбекова министрдин орун басары кызматын 2018-жылдан тарта аркалап келген Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн