reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Экинчи талапкерге да кылмыш иши козголду

Son Güncelleme :

01 июня 2023 - 12:05

reklam
Экинчи талапкерге да кылмыш иши козголду
reklam

УКМК 28-майда болуп өткөн N:26 -Ленин округу үчүн шайлоодо талапкерлердин бирөө добуш сатып алууга аракет жасаганын билдирди.

Мындан улам талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  менен иш козгоду.

Тергөөнүн жүрүшүндө талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылардын үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети көрүлгөнү, шайлоо фондуна кирбеген каржыны, административдик ресурсту пайдаланганы, шайлоочуларды добуш берүүчү жайларга ташыганы аныкталып, далилдер алынган.

УКМК учурда иштин бардык жагдайын аныктоого аракет көрүп жатканын, материалдар БШКга жөнөтүлөрүн маалымдады.

Улан Сариев шайлоочулардын 11,88 пайызынын добуштарына ээ болгон эле.

reklam