Эдил Байсалов пакистандык студенттерден кабар алды

Автор

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов, Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам жана Эл аралык университеттин президенти, академик Асылбек Айдаралиев бүгүн, 19-майда Кыргызстан Эл аралык университетинин Медицина факультетинин жатаканасына барышты.
Бул жайды 18-майга караган түнү 700 гө чукул жарандар бастырып киришип, чет элдик студенттерге кол салышкан.
Эдил Байсалов бейбаштар тарабынан жасалган аракет үчүн чет элдик студенттерден жана мугалимдерден кечирим сурады
“Кээ бир жеке адамдардын бул аракеттери меймандостук маданиятына жана биздин каада-салттарыбызга эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды «мусапыр» деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү. Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн көпүрө болуп саналат. Биз саясий маселелер бар экенин, социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар таратылып жатканын түшүнөбүз. Ата-энең, жакындарың силер Кыргызстанда коркунучта эмес экенинерди, силердин бакубат жашооңор үчүн толук жоопкерчилик бийликте экенин билиши керек. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сизге болгон мамилесин чагылдырбайт. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат”,-деди Эдил Байсалов.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте “One Run” эл аралык жарым марафону өттү

Бишкек шаарында “One Run” эл аралык жарым марафону болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага 12 өлкөдөн – Кыргызстан, Беларусь, Кытай, Франция, Индия, Казакстан, Түштүк Корея, Нидерланды, Россия, Түркия, АКШ, Өзбекстандан 2 миңден ашык жөө күлүктөр катышты. Катышуучулар 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым […]

Сизге жагышы мүмкүн