Шаршенбек Абдыкеримов жандандыруу бөлүмүндө жатат

Автор

“Аю” фирмасынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатышы боюнча коомчулук ар түрдүү пикирлерди билдирип жатат.  Айрым жарандар “Аю” фирмасы боюнча жаралган жагдай элге ачык жана так айтылышы керек деп эсептешсе, кээ бирөөлөр мамлекет түз эле заводду тартып алды деген ойдо. Учурда “Аюнун” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов жандандыруу бөлүмүндө жатканын депутат Балбак Түлөбаев билдирди. Өткөн жумада  өлкө башчысы “Кабар” маалымат агенттигине маек берип, “биз “Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек  деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан, эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”, – деп билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:   Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу); Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында […]

Сизге жагышы мүмкүн