Шайлообек Атазов: “27 имарат менчиктештирилип, 30 гектар жер сатылып кеткен”

Автор

“Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын көчмө жыйыны Жалал- Абад шаарында өтүп, ага

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, прокурору Рысбек Карагулов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Болот Арзыгулов, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын жетекчисинин орун басары Акинай Абдыкадырова ошондой эле жалпы тийиштүү мекемелердин жетекчилери, Базар – Коргон, Сузак районунун прокурорлору катышты.

Кесиптик бирликтердин карамагындагы мекемелердин жеке колдорго өтүп, мыйзамсыз иштер аныкталып, жети жер боюнча прокуратуранын текшерүүсүндө, ал эми экөө боюнча соттук териштирүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканы маалым болду.

Бул боюнча депутаттык комиссия протоколдук тапшырма берип, адилеттүү жана мыйзамдуу чечим чыгарылышын талап кылышты.

Жыйында белгилүү болгондой, бирликке караштуу 27 имарат менчиктештирилип, 60 гектар жердин 30 гектардан ашык жери да, мыйзамсыз жеке жактарга  өтүп кеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Өкмөт отставкага кетти

Казакстандын өкмөтү VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы башталаар алдында отставкага кетти. Тиешелүү президенттин жарлыгына кол коюлуп, Акорда сайтына жарыяланды. Буга чейин премьер-министр Алихан Смаилов министрлер кабинети отставкага кетүүгө камданып жатканын билдирген. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн бардык мүчөлөрү өз милдеттерин аткарышат. «Жаңы премьер-министр ким болору президент менен парламенттин иши. Албетте, […]

Сизге жагышы мүмкүн