

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын бүгүнкү, 16-июнунда жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга дайыма келбей койгонугун белгилеп, кыргыз спортчулардын тамак-ашына каралган каражат 2009-жылдан бери жогорулатылбай келе жаткандыгын сынга алды.
Эл өкүлү «спортчулардын бир күндүк тамагына каралган 83 сом ашказан алдоого эле жетпесе, азыркы инфиляциянын тушунда карын кампайбайт. Казакстанда бир күнгө спортчунун тамак-ашына 900 сомго жетерлик колдоо көрсөтүлөт, — деп мисал келтирди.
Мындан тышкары машыктыруучулардын даярдалышы, спорт медицинасы жана жаштар саясатына тиешелүү маселелерди кабаргасынан койду.