Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: “Курманкул Зулушев тегерегиңизди тазалап алыңыз”

Автор

“Адам баласы Кудайга гана сыйыныш керек. Бирок, тилекке каршы, бизде сыйына турган башка нерселер да пайда болуп жатат. Адам жерде эле жүрүшү керек, биздикилер асманга чыгып алышты. Булар прокуратура кызматкерлери. Биз Жогорку Кеңештин токтому менен Ысык-Көлгө бардык. Ал жерде 95 объект сатылып кеткен. Жыйынга чакырылган прокурорлор келбей койду. Базар-Коргонго бардык, Аламүдүнгө бардык, ал жерде да 6 гектар жер сатылып кеткен. Райондун прокурору келип, 5 мүнөттөн кийин кетип калды. “Кайда кеттиңиз”,- десек, “генеральный чакырып жатат”,- деп кетип калды. Эми генеральный дегенге сыйынасыңарбы? Президенттин инвесторлорду коргоо боюнча буйругу чыккан. Прокурорлор президенттин буйругун аткарбай жатышат. Түркиялык ишкер завод курса, аны тартып алышкан. Ал жүрөт же, заводун алалбайт же, тыйынын алалбайт”,- деп билдирди депутат Шайлообек Атазов  бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында. “Прокуратура тергөөнү өздөрүнө алып алышкан. Бирок, жыйынтык жок. Урматтуу башкы прокурор Курманкул Зулушев тегерегиңизди тазалап алыңыз. Бүгүнкү күнү алдамчылык боюнча канча иш болсо, ошонун баары башкы прокуратурада токтоп калып жатат”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаровду Москвага кимдер коштоп кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” […]

Сизге жагышы мүмкүн