Шайлообек Атазов  “Дордойдогу”  баш аламандыктарды  жеринден талкуулады

Wp Pw

Жогорку Кеңештин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 4-апрелде “Дордой” базарынын сатуучулары менен жолугушуп, чечилбей жаткан көйгөйлөрүн укту.  “Дордойдо” маселенин көптүгү ушул кезге чейин нааразычылыкты жаратып келген. Сатуучуларга шарт түзүлгөн эмес жана азырга чейин орундар талаш-тартыш болууда. Депутат Бишкек шаардык мэриядан жана Свердлов райондук администрациядан келген кызматкерлерге, ошондой эле тийешелүү кызматтардын өкүлдөрүнө протоколдук тапшырма берди. Жыйынтыгында, 1 айдын ичинде баш аламандык жоюлуп, сатуучуларга зарыл болгон документтер берилмей болду.

Next Post

Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны бешке жетти

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде шайлоого катышуу үчүн талапкер Мирлан Камбаровдон (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Буга чейин  БШКга арыз менен төрт талапкер кайрылган.   […]