Чукул билдирүү! Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-13-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Бакыт жөнүндө

Кудай ылайдан адамдын калыбын жасап бүткөндөн кийин колдонулбаган бир бөлүгү артып калат. – Дагы эмнени кошуп берсем деп сурайт Кудай. ” Мага Бакытты кошуп бер” дейт адам. Кудай унчукпастан калган чопону адамдын алаканына салды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн