Чет элдик жабыркаган студенттерге кенемте төлөп берүү каралууда

Автор

Жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18 жогорку окуу жайдын (ЖОЖ) ректорлору менен болгон жыйында айтылды.

Жолугушууда борбор калаадагы чет элдик студенттер жашаган жатаканада болгон окуя жана окуу процессин калыбына келтирүү, ошондой эле республиканын билим берүү жайларынын чет элдик студенттер үчүн жагымдуулугун сактоо боюнча маселелер талкууланды.

“Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети учурда жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөөрү кошумча жарыяланат”, — деди Эдил Байсалов.

Жыйындын катышуучулары студенттердин коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу, алардын жергиликтүү коомчулуктун жашоосуна интеграциясын күчөтүү жана өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Артем Новиков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кайрадан төрага болду

Артем Новиков Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп кайрадан дайындалды. Новиков 2024-жылдын 21-майынан тартып, 3 жылдык мөөнөткө дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн