«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы улантылат

Автор

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

 

Биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

 

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуусу зарыл.

 

Ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылыңыз. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүңүз.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси таарынды

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргызстандыктарга таарынды. Ал бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда элчилик жана элчиликтин кызматкерлери түшкү тыныгуусуз иштеп, кыргызстандыктарга виза берүү иштери менен алек болушат. Бирок, дипломаттар жетишсиз болгондуктан виза албагандар же, визасы кечеңдегендер кемсинткен сөздөр менен кызматкерлерди урушушат. Элчи айым визаны 1 күндө же, 1 айда алуу […]

Сизге жагышы мүмкүн