reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Футзал боюнча улуттук курама CAFA Futsal Cup-2023 турнирине катышат

Son Güncelleme :

30 июня 2023 - 15:34

reklam
Футзал боюнча улуттук курама CAFA Futsal Cup-2023 турнирине катышат
reklam

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы CAFA Futsal Cup-2023 турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-30-июль күндөрү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Борбордук Азия футбол ассоциациясынын футзал боюнча улуттук курама командалар арасындагы биринчи турнири орун алат.

Борбор Азиянын эң күчтүү команда наамы үчүн Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары ат салышат.

Мелдештин регламентине ылайык, командалар бир айлампалык оюндарды өткөрүшөт. Жеңүүчү команда эң көп топтогон упай боюнча аныкталат.

Аталган турнирге даярдык көрүү үчүн Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы, башкы машыктыруучу Марат Дуванаевдин жетекчилиги алдында 8-20-июль күндөрү окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

reklam