reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Футзал боюнча дүйнө чемпионаты Өзбекстанда өтөт

Son Güncelleme :

24 июня 2023 - 9:30

reklam
Футзал боюнча дүйнө чемпионаты Өзбекстанда өтөт
reklam

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн кеңештин жыйынында Өзбекстанда 2024-жылы футзал боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылы Клубдар арасындагы дүйнө чемпионаты АКШда 32 команданын катышуусунда кеңейтилген форматта өтөт. ФИФА ошондой эле 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын регламентин бекитти. Турнирди өткөрүүгө арыз берүү процесси 2023-жылдын үчүнчү чейрегинде башталат.

 

Белгилей кетсек, кийинки дүйнөлүк чемпионатка 48 команда катышат. ФИФА бул турнир «дүйнөлүк футболго болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизет» деп ишенет, анткени көбүрөөк улуттук командалар дүйнөлүк чемпионатта ойноого мүмкүнчүлүк алышат.

reklam