reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Францияда чыңалуу күчөдү!  Демонстранттар курал дүкөнүн тоношту

Son Güncelleme :

02 июля 2023 - 1:54

reklam
Францияда чыңалуу күчөдү!  Демонстранттар курал дүкөнүн тоношту
reklam

Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин башталган тополоңдор уланууда. Көптөгөн шаарларда демонстрациялар уюштурулуп, Марсель  шаарында курал саткан дүкөндөр тонолгон.

Франциянын Марсель шаарында болгон коогалаңда курал-жарак дүкөнү тонолгон, аңчылык мылтыктары уурдалган. Бирок октор алынбаганы белгилүү болду. Марсель шаар башчысынын өтүнүчү менен калаага кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Өлкө боюнча түнкү окуяларда 994 киши кармалды.

ЧЫҢАЛУУ БАСАҢДАБАЙ ЖАТАТ

Франциянын борбор шаары Нантер четинде 17 жаштагы африкалык туулган өспүрүмдүн полиция огунан каза болушунан кийин башталган тополоңдор токтобой уланууда.

Өлкө боюнча 45 миң полиция кызматкеринин жайгаштырылышына карабастан, демонстрациялардын 4-түндө чыңалуу азайган жок.

reklam