reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

ФИФАнын рейтингинде Аргентина алдыга чыгышы мүмкүн

Son Güncelleme :

31 марта 2023 - 12:03

reklam
ФИФАнын рейтингинде Аргентина алдыга чыгышы мүмкүн
reklam

2022-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиону болгон Аргентина келерки аптада жаңыланган ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыгат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары Аргентина курамы  Бразилиядан ашып, алдыга чыгарын жазышууда.

Маалыматка ылайык, бул көтөрүлүү дүйнө чемпиондорунун жолдоштук беттештердеги акыркы эки жеңишинин аркасында мүмкүн болот. Алгач Лионель Скалонинин тарбиялануучулары Панаманын оюнчуларынан күчтүүрөөк( — 2:0) болууда, андан кийин «Месси жана компания» Кюрасаоду ири эсеп менен жеңип алды — 7:0.

Эксперттердин айтымында, бул азырынча алдын ала долбоор жана расмий рейтингдин өзү 6-апрелде жарыяланат. Марокко менен болгон жолдоштук оюнда 1-2 эсебинде утулган Бразилия рейтингде үчүнчү орунга төмөндөйт. Экинчи сапта Франциянын командасы болушу күтүлүүдө.

reklam