Финляндиянын президенти Саули Ниинисте өлкөнүн Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) кошулуусу жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду.
1-мартта Түндүк атлантикалык альянска кошулуу чечими Финляндиянын парламенти тарабынан жактырылды. Ага 184 депутат “макул”, 7 депутат “каршы” деп добуш берди. Финляндия менен Швеция НАТОго мүчөлүккө өткөн жылдын май айында биргелешип арыз беришкен.
Декабрдын аягында Йенс Столтенберг Швеция менен Финляндия 2023-жылы Түндүк Атлантикалык альянстын бир бөлүгү болоорун айткан.
Абдыгулов ЭВФтин аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызматынан бошотулду
Жум Мар 24 , 2023
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду. Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин сунушу негиз болду. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/abdygulov.jpg)