Эң ири сот процесси: 200дөн ашык адам 2200 жылга эркинен ажыратылды

Автор

Италиянын соту кылмыштуу топтун 200дөн ашуун мүчөсүн 2200 жылга эркинен ажыратты. Бул сот акыркы үч он жылдыкта Италиядагы эң ири сот болду. 2021-жылдын январында башталган сот процессинде айыпталуучуларды 400дөн ашык адвокат коргоп, 900гө жакын күбө көрсөтмө берген. Жыйындар Италиянын түштүгүндөгү Ламезия Терме шаарындагы атайын курулган бункерде өттү.

Коллегия үч судьядан турган. Эки жыл 10 айга созулган сот процессинде алар милициянын коргоосунда жашашкан. Сотко жалпысынан 338 айыпталуучу тартылган. Акыры 207дей адам күнөөлүү деп табылып, жүздөн ашууну акталган. Соттолгондордун арасында 42 аял бар, бул мафиялык сот процесстери боюнча рекорддук көрсөткүч. Айыпталуучулар мафия менен байланышы, опузалап акча талап кылуу, пара алуу жана беш киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылды. Алар “Нрангета” кылмыштуу тобу менен байланышта болгон. Бул топ Италиядагы эң таасирдүү мафиялык топ болуп эсептелет.

Бөлүшүү:
Next Post

22-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жок.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,   Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,   Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13,   Бишкекте […]

Сизге жагышы мүмкүн