reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Учак 30 жүргүнчүсүн унутуп кетти

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 14:22

reklam
Учак 30 жүргүнчүсүн унутуп кетти
reklam

Sunexpress авиакомпаниясынын учагы Парижден Түркиянын Измир шаарына 30 жүргүнчүсү жок учкан. Бул тууралуу Airporthaber порталы билдирди.
Окуя 18-ноябрда Шарль де Голль аэропортунда болгон. Учак Франциянын борборунан Түркиянын шаарына жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө учуш керек болчу. Рейс 3 саатка кармалган. Саат 20:00дө катталуу башталганы тууралуу маалымат чыккан эмес.
Жүргүнчүлөр мобилдик тиркемени текшергенде учак эбак эле учуп кеткенин билишкен. Алар ишкананын өкүлдөрү менен байланышууга аракет кылышкан, бирок, майнап чыккан эмес. Натыйжада 30 адам жетишпей калган.
Кийинчерээк SunExpress авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү мейманканага жайгаштырып, кийинки каттам менен жөнөткөнү белгилүү болду.

reklam