Уулуу жылан шаар калкын коркутууда

Автор

Нидерландиянын Тилбург шаарынын бийликтери жергиликтүү тургундарга өлүмгө алып келген уулуу тропикалык жылан шаарды айланып жүргөнүн эскертти. Эки метрлик жашыл мамба жыланы шаарга чыгып кеткен.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, Голландиянын 200 миңден ашуун калкы бар Тилбург шаарында  уулуу жыланды  издеп жатышат.

«Эгерде кимдир-бирөөнү жылан чакса, дароо тез жардам кызматына кайрылышы керек», – деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Алдын ала маалымат боюнча, уулуу сойлоочу аны террариумда багып жүргөн шаардыктардын биринен качып кеткен. Жылан караңгы жана жылуу жерлерди жакшы көргөндүктөн, Голландиянын суук күзүндө анын сыртта көпкө калышы күмөн. Сыягы, ал үйлөрдүн бирине сойлоп кирип кеткен же үй ээсинин үйүнөн такыр чыкпай калган, бирок тез жардам кызматы шаардыктарга коопсуздук чараларын эскерткен.

Эске салсак, африкалык жашыл мамба өтө уулуу. Табиятта кескелдирик, канаттуулар жана майда сүт эмүүчүлөр менен азыктанат жана дээрлик эч качан адамдарга кол салбайт. Бирок анын тиштегени өтө коркунучтуу, анткени ткандардын тез некрозуна жана шал оорусуна алып келиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Энергетика тармагына 74,9 млрд сом жумшалат

2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, анын ичинде энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом каралган. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө республика боюнча өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн онлайн режиминде көрүүгө болот жана жакынкы келечекте энергияны керектөөнүн көлөмүн […]

Сизге жагышы мүмкүн