Уруксатсыз ажылыкка барган 300 миңдей киши кармалды

Автор

Сауд Арабия бийликтери ажылык үчүн катталбаган 300 миңден ашуун адамды кармады. Арасында ажылык визанын ордуна туристтик виза менен ажылыкка барууга аракет кылган 157 миңге жакын чет өлкөлүк бар.
Ажылык коопсуздук комитетинин башчысы Мухаммад ибн Абдулла Аль-Басами 8-июндан бери ажылыктын эрежелерин жана көрсөтмөлөрүн аткарбаган 140 зыяратчылар тобу жана 64 уюм кармалганын билдирди. Ажылыкка катышуу үчүн өлкөгө 1,3 миллиондон ашык адам келген.
Буга чейин өлкө бийлиги чет элдик жарандарды жана жашоочуларды 2024-жылдагы ибадатка мыйзамсыз катышканы үчүн катуу жазалоону эскерткен. Билдирүүгө ылайык, ажылыкка уруксаты жок адамдар 2 айдан 6 айга чейин эркинен ажыратылып, 13,3 миң доллардан ашык айып пул төлөшөт. Ошондой эле 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстан – Оман беттешин түз алып берүү үчүн "Ынтымак" паркында фанзона уюштурулат

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары беттешет. Оюндун түз эфири “Ак шумкарлардын” күйөрмандарына Бишкектеги “Ынтымак” паркында уюштурулган фанзонада көрсөтүлөт. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде саат 22:00 старт алат. Оюндун түз алып берүүсү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарында да жеткиликтүү болот. Белгилей кетсек, […]

Сизге жагышы мүмкүн