reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

Укроп: Ден соолукка пайдасы жана зыяны

Son Güncelleme :

23 мая 2023 - 11:50

reklam
Укроп: Ден соолукка пайдасы жана зыяны
reklam

Укроп нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларына таасирин тийгизип, алардын жакшы иштешине көмөктөшүп, организмдеги керексиз суюктуктарды айдап чыгып ашыкча салмактуулуктан арылтат. Мындан тышкары диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды да жоготот.

Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачкандыктан дарыгерлер аны тамактануу рационуна аралаштырып колдонууну сунушташат.

Мындан тышкары бул ыкма эмчек эмизгендерге да пайдасын тийгизет. Эмчегинен сүт чыкпай кыйналгандар укроптун кайнатмасын ичүү зарыл. Демделгенин ичкиси келбегендерге укропту майда туурап, каймакка аралаштырып салат кылып жеш сунушталат.

Кимдерге сунушталбайт?

Кан басымы төмөндөр колдонсо, көздүн көрүүсү начарлайт, баш айлантып кустурат.

reklam