Украина НАТОнун Киберкоргонуу Кызматташтык борборуна кошулду.
Таллиндеги уюмдун штаб-квартирасынын алдында Украинанын желеги көтөрүлдү.
Тышкы иштер министрлиги борбордун демөөрчүсү болгон өлкөлөргө Украинаны аларга кошулууну сунуштаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Киев бул борборго кирүү үчүн 2021-жылдын жайында арыз берген. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов 2022-жылдын февраль айынын башында Европа өлкөлөрүнүн бири арызга бөгөт койгонун жарыялаган.
Бразилияда Пеле мавзолейи ачылды
Шар Май 17 , 2023
Бразилиянын Сантос шаарында футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеленин мавзолейи ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматка ылайык, атактуу спортчунун сөөгү дүйнөнүн эң бийик жеринде жайгашкан “Экуменика” көрүстөнүнө коюлган. Ал эми мавзолейде футболчунун реалдуу өлчөмдөгү айкелдери бар. Күмбөздүн полу жасалма чөп менен жабылган. Ага каалаган адам келе алат, […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/8a6c73b6-c262-4a71-8faa-921751d7689a.jpg)