Украинанын Тышкы иштер министрлиги Ватикандын элчисин чакыртты

Автор

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Ватикандын Киевдеги элчиси Висвальдас Кульбокасты чакыртты. Алар Рим папасы Францисктин ак желекти көтөрүп, сүйлөшүүлөрдү баштоону кайраттуу чечим деп атаган сөздөрүнө нааразылыгын билдиришти.
Рим папасы Франциск швейцариялык RSI телерадиокомпаниясына берген маегинде Украинадагы кырдаал боюнча айтып “Эң күчтүүсү – кырдаалды көрүп, өз элин ойлогон, ак желекти көтөрүп, сүйлөшүүгө кайраттуусу”,-деген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Папанын сөздөрүн “виртуалдык ортомчулук” деп атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кийинки аптада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Эмгек министрлиги буга чейин билдиргендей, Нооруз майрамы 21-март бейшемби күнгө туш келет. Андан кийинки 22-марттагы иш күнү 8-апрелге жылдырылган. 7-апрель — Элдик апрель революциясына байланыштуу календарда кызыл менен белгиленген. Бул күн жекшембиге туш келгендиктен жарандар 8-апрель, дүйшөмбү эс алышы керек болчу. […]

Сизге жагышы мүмкүн