Украинанын коргоо министри чабуулга даяр экенин билдирди

Автор

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Киевдеги маалымат жыйынында аскерлерин каршы чабуулга даярдоо акыркы баскычта экенин билдирди.
“Окуу аяктап баратат. Курал-жарак жана аскердик техникаларды аскер кызматкерлер өздөштүрүп жатат. Абдан заманбап системаларды алдык”,-деди Резников.
Украинанын Коргоо министрлигинин башчысы Абрамс танктарын күтүп жатканын эске салды.
Танкалык коалиция Леопард-2 плюс Челленджер, Леопард-1ден тышкары биз Абрамстарды күтүп жатабыз. Бирок Абрамс бул чабуулга катышпайт деп ойлойм»,-деди ал.
Анын айтымында, аларда ар кандай типтеги көп сандагы бронетранспортерлор БТР жана жөө аскерлердин согуштук машиналары бар.
Контрачабуул тууралуу айткан Украинанын коргоо министри Куралдуу күчтөрү глобалдык мааниде даяр экенин, баштала турган күнү, орду боюнча так чечимди башкы штаб чыгарарын түшүндүрдү.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Эң чоң районго аким дайындалды

Кара-Суу районуна дайындалган Жакыпбек Субакожоев райондун активи менен тааныштырылып, расмий түрдө ишин баштады. Аны Кара-Суулуктар чапан, калпак кийгизип, жылуу тосуп алышты. Кара-Суунун жаңы акими жөнүндө эмне белгилүү? Ал 1966-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 2013-2019-жылдарда Ат-Башы районунун акими болуп иштеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн