Украинада жоокер жетишсиздиги айтылды

Автор

Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Сергей Лещенко Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн айрым бөлүктөрүндөгү жоокердин орточо жашы 54 жашта экенин билдирди.
«Учурда техникадан тышкары аскер кызматкерлери абдан жетишсиз. Азыр Батыш Украинада жайгашкан бригадалар бир аз болсо да эс алышы үчүн азыр чыгыштагыларды алмаштырышы керек.  Украин жетекчилиги да, Жогорку Башкы командачынын штабы да 2024-жылда биздин жерди агрессордон бошотуунун  үстүндө иштеп жатышат»,-деди.
Ал Украинанын куралдуу күчтөрүндө ири жоготуулар болгонун, тизмеде турган 110 жоокердин ичинен үчөө гана калган учурлар бар экенин кошумчалады.
Аскер кызматкери  Украина 18 жана 20 жаштагы жаштарды, анын ичинде студенттерди мобилизациялай башташы керектигин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат

Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Пекин – Бишкек – Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында кое берилет. Аны Кытайлык авиакомпания аткарат. Мындан тышкары, ушул жылдын декабрында Кытайдын Чэнду шаарына авиакаттам ачылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн