УКМК: Энергетика министринин орун басары кармалды

Автор

Энергетика министринин орун басары М.Ж. (Жакыпов Мирлан Мустафаевич) жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

УКМК тарабынан Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

 

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

 

Натыйжада Бишкектеги ЖЭБтин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген, жогорудагы коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн, 2023-жылдын 18-июнунда УКМК тарабынан КР энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды.

 

КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт

Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтөт. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти. Спорттук иш-чара 2-5-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор айылында өтөт. Катышуу үчүн байланыш телефону: 0556 122-232 Эске салсак, кубоктун учурдагы ээси Нарындын “Теңир-Тоо” командас Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн