reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

Son Güncelleme :

29 мая 2023 - 15:13

reklam
УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды
reklam

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Имарат Кыргызстандын президенти — Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси  менен курулууда.

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Ташиев өз сөзүндө мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти.

reklam